"Сыйлыктарыбыз да бар". "Тазалык" ыктыярчыларды ишке чакырган видео

Алиев "кээде ар кандай сыйлыктарды бергенге даяр" экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды тазалоого ыктыярчыларды чакырды. Бул боюнча аталган ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев өзү видеобилдирүүсү менен чыкты.
Директор төрт топ (райондор боюнча) түзүлөрүн, алар "Тазалыктын" техникалык картасына кирбеген аймактарды шыпырып, таштандылардан арылтып турушарын айтышты.
Алиев видеокайрылуусунда каякка чалып, ыктыярчылар катарына кантип жазылыш керектигин түшүндүрүп берди. Ал демилгечилерди ишке керектүү инвентарлар менен жабдып, таштандыны ташып кетүүгө жардам кылып, "кээде ар кандай сыйлыктарды бергенге даярдыгын" айтты.
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишке чакырат. Адистиктердин тизмеси