Стамбулда 10 күндөн бери изделип жаткан кыргызстандык кыз табылды

Укук коргоо органдарына маалымат 24-июнь күнү түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Стамбулда издөөгө алынган Ж.Ш.Б. аттуу кыргызстандык кыз табылганын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Эскерте кетсек, 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованын дайынсыз болуп жатканын апасы билдирген. 24-июнь күнү ал консулдукка байланышка чыгып, кызын таппай жатканын айткан. Аялдын айтымында, кызы Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бармак, ал жерден автобус менен Варна шаарына кетүүнү пландаган.
ИИМ издөө иштерине ички иштер министри Улан Ниязбеков, Түркия министринин орун басары Мехмет Акташ жана Кыргызстан ИИМинин аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгү кийлигишип, натыйжада 5-июль күнү Жазгүл Шамуратова табылганын билдирди.
Азыркы учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Маевка — Бишкек жолунда жеңил машина кырсыктап, үч өспүрүм каза тапты