БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, акча которууну суранган шылуундар көбөйгөнүн эскертет.
"Лотереянын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду. Байгелер толугу менен бекер берилет жана мамлекеттик лотерея болгондуктан салык салынбайт", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн алдамчыларга ишенбөөгө чакырып, ушундай чалуу болсо, укук коргоо органына кайрылууну өтүндү.
"Учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия лотереянын жеңүүчүлөрүн оюндун шартына жана талаптарына жооп берерин текшерип жатат. Текшерүү аяктагандан кийин салык кызматкерлери жеңүүчүлөрдү сыйлыктарды алуу үчүн сертификаттарды тапшыруу аземине чакырат", — деп кошумчалады Салык кызматы.
Эскерте кетсек, "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 26-июндан 1-июлга чейин өткөн биринчи этабында 1 183 жеңүүчү аныкталган. Ал эми экинчи тур 2-июлдан тарта башталды. Ага 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат. Лотереянын экинчи турунда Бишкектен 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.