Кыргызстандык балбандар Россияда ири мелдештерге даярданып жатат

Балбандардын машыгуулары 15-июлга чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Россиянын Эльбрус районунда биргелешкен эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Машыгуулар 29-июнда башталган, ал 15-июлга чейин уланары белгиленди.
Курама команданын тизмеси:
Жоламан Шаршенбеков;
Нурмухаммед Абдуллаев;
Тынар Шаршенбеков;
Раззак Бейшекеев,
Амантур Исмаилов;
Акжол Махмудов;
Ырыскелди Максатбек уулу;
Атай Азизбеков;
Азат Салидинов;
Үзүр Жузупбеков;
Нурмамбет Райымалы уулу;
Роман Ким;
Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков;
Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев.
Ошто 300 киши бир учурда йога менен машыкты