Назира Мамбетова менен Марина Фильман Россиядагы эл аралык фестивалда мыкты болушту

Маданий иш-чара 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда (Россия) өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган шаарда заманбап драматургиянын "Коляда-Plays" эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталган. Анда КРдин эл артисти Назира Мамбетова аялдын мыкты ролу номинациясына татыган. Ал Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры менен барып Николай Коляданын "Экөө" (Старая зайчиха) пьесасында ойногон.
Ал эми Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын солисти Марина Фильман экинчи пландагы эң мыкты актриса аталган. Ал Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектаклинде роль жараткан.
Эл аралык театр фестивалы 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өттү. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал драматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.
Кыргызстандык режиссердун киносу эл аралык фестивалга катышат