БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаровдун айтымында, акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирүүнүн натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылды.
"Жабдуулар, линиялар, баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президентибиз бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал быйыл жалпысынан 359 миллион сомго 76 техника сатып алынарын белгиледи.