Бишкекте аялдар жатын моюнчасынын рагын аныктаган скринингден акысыз өтө алышат

Кароодон өтүүнү каалагандар алдын ала жазылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Текшерүүдөн өтүүнү каалаган аялдарды Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери карайт. Каалоочулар 6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология борборуна (2-корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) бара алышат.
Кабыл алуу 0550 58 57 56, 0706 30 77 50 телефондору аркылуу алдын ала жазылуу жолу менен жүргүзүлөт. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.
Скринингге каршы көрсөтмөлөр:
кош бойлуулук;
этек кир;
скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга жасалбайт;
скринингден эки күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.
"Росатом" Кыргызстанга рактан дарылоочу борбор ачууга жардам берет