Радио

Аритмолог: адам билегин кармап жүрөгүнүн согуусун текшерип турушу керек

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов аритмия вирустук оорулардан соң пайда болорун айтты.
Sputnik
Ар бир адам билегин кармап жүрөгүнүн согуусун текшерип турушу керек. Эгер тынч отурган абалда кагуусу мүнөтүнө 60тан 90го чейин жетсе жакшы. Мындан ылдый же жогору болгондо дарыгерге кайрылуу зарыл. Бул тууралуу Курбанбек Калысов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аритмия алкоголдук ичимдиктерден соң пайда болгон учурлар көп.
"Аритмиянын түрлөрү арбын. Тубаса аритмия менен жабыркагандар бар. Төрөлгөндө эле кошо жаралып билинбей жүрө берип, кийин 30 жаштан өткөндө чыга келгендери кездешет. Генетикалык жактан организми аритмияга ыктаган адамдар болот. Кийин пайда болгондору көбүнесе вирустук оорулардан кийин же ичимдиктен улам келип чыккандар. Вирусту учурунда дарылабаса ал канда болгондуктан биринчи эле жүрөккө барат. Ал соккондо клапанга урулат. Ал өтө кичинекей болгондуктан клеткага кирип ал жактан бөлүнүп отуруп, клетканы өлтүрүп жарып чыгат. Бул жерде тырык пайда болот, жыйынтыгында киши аритмияга чалдыгат. Алкоголдук ичимдикти көп ичүү да аритмияга алып келет, богок безинин сезгениши да бул ооруну шарттайт. Ошондуктан ар бир адам жылына текшерилип турганы жакшы", — деди Калысов.
Дарыгер спорт менен алектенип, организмге күч келтирерде да бир сыйра жүрөктү текшертип коюу зарылдыгын кошумчалады.