80 жыл мурдагы Курск салгылашуусу. Тагдыр чечкен согуштун видеосу

Курск салгылашуусунда советтик 254 470 миң аскер өмүрүнөн ажыраган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мындан 80 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согуштагы өтө маанилүү салгылаштын бири болгон Курск салгылашуусу башталган.
Sputnik Ближнее Зарубежье Telegram каналы бул окуяны чагылдырган тарыхый видеону жарыялады.
Немецтик командачылык 1943-жылдын жай айында "Цитадель" деп аталган операциясын баштаган. Алар советтик аскерлерди Курск кырында талкалоону максат кылышкан. Советтик аскердик чалгын немец армиясынын даярдыгын өз учурунда аныктап, бетин ачкан. Жогорку командачылык коргонууга өтүү чечимин кабыл алган.
Курск салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуштагы тагдыр чечкен салгылаштардын бири болгон. Анда советтик 254 470 миң аскер өмүрүнөн ажыраган. Бул салгылаштын жыйынтыгы менен 100 миңден ашык адам орден-медалдар менен сыйланса, 231 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Курск салгылашынан кийин фронттогу тараза ташы Кызыл Армиянын пайдасына оогон эле. Гитлерчилер согуштун бардык жагында коргонууга өтүп, фашисттик блок кулай баштаган.
Гитлерчилер миңдеген бомба таштаган. Севастополь баяны видеодо