Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: Киев ЦРУдан эч нерсени жашырбайт

ЦРУнун жетекчиси россиялык атайын операция башталгандан тарта Киевге бир нече жолу келген. Өткөн аптада Washington Post басылмасы Бернс менен Зеленский жашыруун жолуккандыгын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Украина ЦРУдан эч нерсени жашырбайт деп айткан президент Владимир Зеленский CNN телеканалына берген маегинде.
"Биздин ЦРУдан жашыра турган эч нерсебиз жок. Чалгын кызматтарыбыз бири-бири менен сүйлөшүп турат. ЦРУнун башчысы Уильям Бернс менен жакшы мамиледебиз", — деген Зеленский.
ЦРУнун жетекчиси россиялык атайын операция башталгандан тарта Киевге бир нече жолу келген. Өткөн аптада Washington Post басылмасы Бернс менен Зеленский жашыруун жолугуп, Киевдин жоготуп алган аймактарына көзөмөл орнотууну талкуулагандыгын жазды. Гезиттин маалыматына караганда, Украина аскер өкүлдөрү Бернске күзгө карата ажырап калган аймактарды кайтарып алуу боюнча план менен тааныштырышкан. Крым менен чектешкен жерге артиллерия менен ракеталык системаны орнотуу, андан соң Москва менен сүйлөшүүнү баштоо боюнча айтып беришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: ЦРУ жетекчиси Киевдин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо планынан кабардар