Президент Жапаров Ысык-Көлдүн башчысы Иманбетовго сөгүш жарыялады

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануучу жайларды мыйзамсыз курууга жол берилгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетовго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык чара көрүү боюнча буйрукка кол койгон.
Маалыматта президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык аймактарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Ысык-Көл облусунун жетекчисине, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлгөнү белгиленген.
"Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынган эмес. Ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануучу жайларды мыйзамсыз курууга жол бергени белгиленди.
Шаар мэри "Бишкек суу канал" менен Ленин районунун башчыларына сөгүш жарыялады