БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түркия Украинадагы чатакта "согушту колдогондордун" бутасы болуп калды. Бул туурасында Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган айтканын РИА Новости жазды.
"Курман айт маалында 21 өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүп, куттуктоолорду кабыл алып жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Россия менен Украинанын ортосундагы согуштан тарта Судандагы боордоштордун бири-бирин кырган согуштун соңуна чейин Түркиянын салымы (чечүү боюнча – ред.) көрүнүп эле турат. Биздин өлкө өзүнүн сабырдуулугу, калыстыгы жана ишенимдүү мамилеси менен кыйын кырдаалдарды жайгарууда чечүүчү роль ойноп келет", — деген Эрдоган өкмөт менен отурум өткөргөндөн кийинки элге жасаган кайрылуусунда.
Ал кайсы бир учурда Түркия бул согуштук лоббинин бутасына да айланды деген пикирин билдирди.
"Эгерде сүйлөшүүлөрдүн Стамбул тынчтык процесси колдонула турган болсо, ушул убакка чейин башыбыздан өткөргөн кыйроолор болбойт эле, көз жаштар акпайт эле. Тилекке каршы, дан эгини боюнча макулдашуу жана туткундарды алмашуу боюнча дипломатиялык аракеттер согушту жактоочулар тарабынан токтотулуп, айтыла берип, болбой калды. Бул үчүн он миңдеген аскер менен жай жашоочулар өмүрүн берди. Кайсы бир учурда Түркия бул согуштук лоббинин бутасына да айланды", — деп кошумчалаган Эрдоган.
Анын айтымына караганда, Анкара "согуш отун тутандыруу үчүн отун ташыбай", тынчтыкты орнотууга аракет кылууда.
"Биз азыр Россия жана Украина менен бир эле учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, диалог куруу, кепке келтирүү каналдарын колдонуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды иштеп жаткан бирден-бир өлкөбүз", — деген Эрдоган.