Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО адмиралы: Украина чабуулун аяктамайын F-16 истребителдерин албайт

Politico басылмасы Украина бомбалагычтарды бул 2024-жылдын башталышынан эрте ала албай турганын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл.— Sputnik. Украина контчабуулун аяктамайын F-16 истребителдерин албайт. Бул туурасында НАТОнун адмиралы Роб Бауэр LBC радиостанциясына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Ал (истребителдерди берүү маселеси – ред.) чабуул үчүн тез арада, кыска мөөнөттө чечилбейт", — деген Бауэр.
Альянстын комитет жетекчиси украин пилоттору менен техникалык адистерди окутуу, учактар үчүн логисттик уюмдарды камсыздоо "контрчабуулга чейин мүмкүн эместигин" белгилеген. Ал украиналыктарга алдыңкы катарда жүрүү, илгерилөө "өтө эле кыйын" болуп жатканын моюнга алган.
"Автоунаалар үчүн... коргонуунун үч линиясы, миналанган бир топ кенен талаалар олуттуу тоскоолдук", — деген Бауэр.
Politico басылмасы Украина 2023-жылы F-16ны алууга ниеттенип турганын, бирок бул 2024-жылдын башталышынан эрте болбой турганын жазды.
Июндун ортосунда Россия лидери Владимир Путин эгерде Украина F-16 истребителин алып, согушка колдонууга аракет кылса, техникалар аймагынан сырткары болсо да россиялык аскерлер аны жок кылуу варианттарын карай турганын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кеңсеси контрчабуул оор өтүп жатканын моюндады