Си Цзиньпин гегемония жана күч менен басым кылууга каршы турууга чакырды

Мамлекет башчылардын 23-саммити видеобайланыш форматында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин Нью-Делидеги саммитинде сүйлөп жатып, гегемонизм жана күч менен басым жасаган бийлик саясатына каршы турууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эске салсак, мамлекет башчыларынын 23-саммити онлайн-форматта өтүп жатат.
"Биз адамзаттын жалпы баалуулуктарын сактап, моноборбордук эл аралык системаны жана эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти бекем коргошубуз керек. Гегемонизмге жана күч менен басым жасаган бийлик саясатына каршы туруп, дүйнөлүк башкаруунун адилеттүү, эл аралык багытта өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүбүз зарыл", — деген Си.
Ал Кытай дүйнөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө даяр экендигин да белгилеген.
"Биз дүйнөгө, анын ичинде ШКУ боюнча өнөктөштөргө Кытайдын жаңылануусунун жаңы жетишкендиктеринин атынан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө даярбыз", — деген КЭР лидери.
ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ушул саммиттин жыйынтыгы менен Иран толук кандуу мүчө болуп кирди. Афганстан, Беларусь, Монголия байкоочу макамга ээ. Өнөктөш мамлекеттер — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка, Египет, Сауд Арабиясы, Катар.
2022-жылы сентябрда ШКУнун Самарканд шаарындагы саммитинде Бахрейн, Мальдив, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Мьянмага өнөктөш макамын берүү кадамы башталган.
Путин ШКУнун салмагы, Нью-Дели декларациясынын долбоорун колдоо боюнча айтты