Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү фонду менен банкын түзүү создугуп жатканына камтама болду

Ошондой эле ал азыркы шартта орчундуу болуп жаткан улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү маселесине да токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. ШКУнун Өнүктүрүү фонду жана Өнүктүрүү банкын түзүү жолу менен эффективдүү финансылык механизмдерди киргизүү маселеси узак убакыттан бери созулуп жатканы өкүндүрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун онлайн-саммитинде билдирди.
Ошондой эле ал азыркы шартта орчундуу болуп турган улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү маселесине да токтолду.
"Бул эки структура ШКУга мүчө мамлекеттерди экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүгө жана регионалдык кызматташтыкты тереңдетүүгө көмөк көрсөтүшү керек. ШКУнун мейкиндигинде транспорттун бардык түрү боюнча жүк ташуунун сапатын жакшыруу үчүн биргелешкен иштерди улантышыбыз зарыл", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы Кыргызстан уюмга мүчө, байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдөөгө ынтызарлыгын белгиледи.
Путин: дүйнөдө геосаясий карама-каршылык курчуп баратат