БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдында штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, бүгүн Индиянын төрагалыгы алдында ШКУ өлкө башчыларынын кезектеги саммити онлайн-форматта өтүп, ага КР президенти Садыр Жапаров катышты.
Өлкө башчынын айтымында, 14-июнда Чолпон-Атада бул маселе боюнча ШКУ мамлекеттеринин консультациялары болгон. Кыргыз тарап жобонун жана борбордун структурасынын долбоорун тартуулаган.
"Бул демилгени ишке ашыруу регионалдык коопсуздук, терроризм, экстремизм, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана транс чек аралаш уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү маселелери боюнча өз ара иштешүүнү өрчүтүүгө олуттуу түрткү болот", — деди Жапаров ШКУнун онлайн өткөн саммитинде.
Коопсуздук маселелерине токтолган Жапаров афган көйгөйүн да көңүл сыртында калтырбоого чакырды.
"Кыргызстан үчүн досторубуз сыяктуу эле Афганстандагы тынчтык жана туруктуулук аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргызстан ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Афганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар. Ошол эле учурда Афганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен Кыргызстан афган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлайт", — деди президент.
Ошондой эле ал уюмдун ишин жакшыртуу процессинде бардык тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи.