"Салык чек" лотереясынын II этабы башталып, мурдагы билеттер жокко чыгарылды

Кийинки утушта негизги байгеге Бишкектен 10 батир коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын катышуучулары тарабынан 1-июлга чейин топтолгон бардык ID-номерлер (билеттер) жокко чыгарылды. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Лотереянын шарттарына ылайык, 2-июлдан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи этапка 1-июлдан тартып 25-декабрга чейин берилген кассалык чектер катышат.
Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү кийинки оюнга катыша албай турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, "Салык чек" лотереясынын кийинки утуштары 25-30-декабрь күндөрү өткөрүлөт, анда Бишкектен 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, "Дайсон" маркасындагы 20 фен ойнотулат.
Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүп жана товарларды/кызматтарды сатып алуудан кассалык чектерди сканерлөө шарт. Миң сомдук чек үчүн бир билет берилет.
Стенин атындагы эл аралык конкурстагы сүрөттөргө онлайн добуш берүү башталды