БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитине онлайн-форматта катышарын маалымат кызматы кабарлады.
Индиянын төрагалыгында өтө турган иш-чарага уюмга мүчө-өлкөлөр: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын жана ошондой эле байкоочу макамга ээ Иран, Беларусь, Монголиянын президенттери катышат.
Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдар: БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН), КМШнын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелер (СВМД) уюмдарынын жетекчилери да катышары айтылды.
Саммитте Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет болору белгиленди.
Саммиттин алкагында төмөнкү билдирүүлөр кабыл алынып, документтерге кол коюлары айтылды:
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат;
террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы кызматташуу жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин билдирүүсү болот;
2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынат;
ШКУга мүчө-мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндөгү документ кабыл алынат.
Маалымат кызматы мындан башка дагы бир нече документ бар экендигин билдирди.
Эскертке кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында офлайн-форматта өткөн.
ШКУга Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Төрт мамлекет байкоочу статусуна ээ. Алар: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.