Буюртма аткарып 29 жаштагы жигитти өлтүргөн. Кримтөбөл Карышкыр 14 жылга кесилди

51 жаштагы аял мурда чогуу жашаган жигитин өлтүрүүгө буюртма берип, кримтөбөлгө кайрылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Карышкыр каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков буюртма аткарып, адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп 14 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Кримтөбөл Кылмыш-жаза кодексинин 261 ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу"), 165 ("Адам уурдоо"), 208 ("Опузалап талап кылуу") жана 122инчи ("Адам өлтүрүү") беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болду.
Аталган кылмышка катышкан шериктери К.В.М. менен С.у.С. 13 жылга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми А.Г.Ж. тогуз, А.М.Т. сегиз жылга эркинен ажыратылса, А.А.С. үч жарым жыл пробациялык көзөмөлдө болот.

Кылмыш ишинин чоо-жайы

29 жаштагы К.Д. абакта отуруп телефон аркылуу 51 жаштагы А.Г. аттуу аял менен таанышып, тынбай сүйлөшүп жатып ортолорунда жылуу мамиле пайда болот. К.Д. мурда дагы соттолгону белгиленди. Ал абактан чыккандан кийин аял менен бир үйдө жашап жүрүшкөн. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Мындан улам А. Г. 21 жаштагы уулунан жардам сурап, К.Д. ага акча карыз экенин айткан.
Бирок эне-бала анын бандиттерче жүргөнүн, жанында дайым бычагы болорун билгендиктен уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири Карышкырга кайрылышкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, аял мурда чогуу жашаган жигитин өлтүрүүгө буюртма берген.
24-апрелде түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ал жигитти унаага салып кетишкен. Андан соң аны катуу сабап, Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көрүстөнгө ыргытып жиберишкен. К.Д. алган жараатынан ошол жерде каза болгон.
УКМК Ошто акча опузалады деп эки кишини кармады. Спортзалдан тартылган видео