Кишиневдун аэропортунда ок чыгарган тажикстандык киши ооруканада көз жумду

Өз өлкөсүндө издөөгө алынган маркум Түркия аркылуу Молдовага келген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кишиневдун аэропортунда күч түзүмдөрүнүн эки кызматкерин атып салган тажикстандык киши ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Молдова полициясынын Башкы инспекторатына таянуу менен РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, атышуу жума күнү болгон. Жүргүнчүлөр эвакуацияланып, каттамдар убактылуу токтотулган. ИИМдин маалыматы боюнча, окту өлкөгө кире албай калган Тажикстандын жараны чыгарган. Мындан чек арачы менен аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлү каза болгон. Ал эми Тажикстандын прокуратурасы 43 жаштагы жаран адам уурдоо боюнча издөөдө экенин кабарлаган эле. Кармоо учурунда ал оор жаракат алып, Кишиневдун ооруканаларынын бирине жаткырылган. Эсине келе элек болчу.
"Кишиневдун аэропортунда эки кишинин өлүмүнө себепкер болгон Тажикстандын Рустам Ашуров аттуу жараны 15 мүнөт мурда көз жумду", — дешти полициядан.
Молдова президенти Майя Санду 4-июлду Кишиневдун аэропортунда каза болгондордун урматына Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Жарандык согушту токтоттуңар. Путин аскерлерге ыраазычылык билдирди