Экскаватору менен Нарын дарыясына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Каргаша 2-июль күнү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Нарындын Куланак айылында арык казып жатып экскаватору менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, окуя 2-июлда болгон. Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан кезде Ө.Ү. аттуу айдоочу экскаватору менен шар аккан сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМ жерине беш куткаруучу, ИИМден үч кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, бир жүктөгүч, бир КамАЗ, бир экскаватор тартылганын кабарлады. Сөөк бүгүн табылып, куткаруучулар аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кадамжай менен Ысык-Атада эки бала сууга чөгүп кетти