Тротуарга чыгып кеткен транспорт министринин орун басарынын тосмосу буздурулду

Аткаминер эки-үч күндө тротуар курууга жерди даярдап бошотуп берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Тротуар куруу үчүн тоскоол болуп жатат делген транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу алынды. Бул тууралуу министр Тилек Текебаев социалдык баракчасына жазып, видеосун жарыялады.
Буга чейин айрым ЖМКлар аткаминер тротуар курууга ылайыкташкан жерди бошотпой жатканын жазган.
"Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу алыныптыр. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү", — деп жазды министр.
Ал эми Досалиев тосмону алууга каршы болбогонун, бүгүн бузуу иштерин баштап, эки-үч күндө тротуар курууга даярдап, бошотуп берерин айтты.
УКМК Орунтаевди "Батуми" кафесинин чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди