Жалал-Абадда мамлекетке караштуу алгачкы IT-борбор курулуп жатат

Бул мекеме Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Жусуп Бакиев көчөсүндө үч кабаттан турган заманбап жаштардын инновациялык технологиялар борбору (IT) курулуп жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Жалал-Абад шаарынын Жусуп Бакиев көчөсүндө үч кабаттан турган заманбап жаштардын инновациялык технологиялар борбору (IT) курулуп жатат

2 / 2

Курулуш иштерине 64 миллион 500 миң сом сарпталат. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен бөлүнгөн

Курулуш иштерине 64 миллион 500 миң сом сарпталат. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен бөлүнгөн.
IT-борбор ушул жылдын ноябрында курулуп бүтөрү пландалууда. Мэрия бул мекеме Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болорун белгиледи.
Садыр Жапаров "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна старт берди