Стенин атындагы эл аралык конкурстагы сүрөттөргө онлайн добуш берүү башталды

Интернет-колдонуучулар өзүнө жаккан сүрөттү тандап баа бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Салтка айланган Андрей Стенин атындагы эл аралык конкурска катышып жаткан мыкты сүрөттөрдү тандоо үчүн кыска тизмеге кирген эмгектерге онлайн добуш берүү башталды.
Интернет-колдонуучулар конкурстун сайтынын орус жана англис тилиндеги версиясында добуш бере алат. Жыйынтыгында эң көп добушка ээ болгон эмгек жеңүүчү деп табылат.
Интернет-колдонуучулар өзүнө жаккан сүрөттү тандап баа бере алат. Бул үчүн социалдык тармактагы аккаунттун болушу талап кылынбайт. Добуш берүү 31-июлда Москва убактысы боюнча саат 23:59да аяктайт.
Онлайн добуш берүүнүн жеңүүчүсү август айында аныкталып, авторуна конкурстун диплому ыйгарылат. Кыска тизмедеги номинанттар жана гран-при ээси уюштуруу комитети тарабынан сентябрда конкурстун сайтына жарыяланат.

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Андрей Стенин атындагы сынак 2023-жылдын кыска тизмесин жарыялады