УКМК Ошто акча опузалады деп эки кишини кармады. Спортзалдан тартылган видео

Кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында акча опузалады деген шек менен эки жаран спортзалда машыгып жаткан жеринен кармалды. Кылмыштуу топтун иштерине УКМК Ош шаардык милиция менен биргеликте бөгөт койгон. Маалыматты УКМК таратып, видеосун жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар күч колдонобуз деп коркутуу менен Ош облусундагы Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом алып, ошондой эле ай сайын 15 миң сомдон төлөп турууну талап кылышканы аныкталган.
Натыйжада 29-июнда шектүү адамдар кармалып, кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнү улантып жатканы белгиленди.
MegaCom компаниясынын мурдагы башчысы кармалды