БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Future of Life институтунун окумуштуулары Россия менен АКШнын ортосундагы өзөктүк согуш беш миллиардга жакын киши ачкачылыктан өлүшү мүмкүн экенин айтып, эскертүү беришти. Бул туурасында аталган уюмга шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Акыркы илимий изилдөөлөр беш миллиарддан ашык киши ачкачылыктан көз жумушу мүмкүндүгүн, бул Американын, Европа, Россия жана Кытай элинин 99 пайызы экенин көрсөттү", — деп айтылган материалда.
Окумуштуулардын маалыматында, бир тараптын өзөктүк дүрмөт учурушу экинчи тараптын аялдабай жооп кылып, сокку урушун шарттай турганы айтылат. Биринчи чабуулда электромагниттик импульстар электроника менен энергетикалык тармакты иштен чыгарат. Согушуп жаткандардын кийинки кадамы аскердик жана өзөктүк объектилерди карай жасалат.
Эл көп жашаган шаарларга жана жакынкы аралыктагы курулуштарга коюлган чабуулдар бууланууну жаратат. Эксперттердин айтымына караганда, Күндүн өзөгүндөгүдөй болгон ысыктыктын артынан радиоактивдүү булуттар чыгат.
Аналитиктер өзөктүк чабуулдар узак кышка себепкер болорун, анда Жер планетасындагы температура 15-30 градуска ылдыйларын айтышты.
Эксперттер бул апааттан канча адамдын тирүү каларын так айта алышкан эмес. Бирок жүрөк түшүргөн мындай өзөктүк чатактын кесепетин алдын ала канчалык көп адам билсе, аны болтурбай коюу, алыс болуу ыктымалдыгы ошончолук жогору экендигин билдиришкен.