Бишкекте самсасынын үстүндө чычкан жүргөн кафе жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Соцтармакка самсалардын үстүндө чычкандар чуркап жүргөн видео тарады.
Интернет-колдонуучулар бул Жал кичи районундагы "Рахат Лукум" кафеси экенин жазышты.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кафе санитардык эрежелер бузгулганына байланыштуу жабылганын кабарлады. Маалымат укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Санэпид: Кыргызстанда жугуштуу оорулар, өзгөчө сифилис арбып жатат