Экспорт көбөймөйүнчө экономикалык каатчылык боло берет. Маек

Кыргызстанда май айында инфляция 11,3 пайызга ылдамдаганын Евразия өнүктүрүү банкы билдирди. Муну электр энергиясына болгон тарифтин жогорулаганы менен да байланыштырышууда.
Sputnik
Ушул жылдын май айындагы инфляциянын ылдамдашынын арты менен майда кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 12, 1 пайызга өссө, азык-түлүккө кирбеген товарлар 12,9 пайызга жогорулаган. Sputnik Кыргызстан экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров менен баарлашты.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров
— Бизде баа дагы көтөрүлүшү ыктымалбы?
— Жылдын башында мамлекет көзөмөл кылууга аракет кылып жаткан. Маселен, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып, эскертүүлөрдү берди. Анткен менен электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү баанын калыптанышына терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, күйүүчү майга болгон баанын өсүшү дагы кымбатчылыкты шарттады. Ошондой эле соңку дүйнөлүк геосаясий, геоэкономикалык абал дагы таасир этип жатат. Буга кошумча өлкөнүн өндүрүш потенциалы начар болуп, импорттон көз карандылык күч. Натыйжада башка өлкөлөрдө баанын өсүшү Кыргызстандагы нарктын калыптанышына кедергисин тийгизүүдө. Мындан тышкары, валюталардын түшүп кайра көтөрүлүүсү товар баасынын калыптануусуна терс таасир берип жатат.
— Импорттон көз карандыбыз. Ошого карабай бааны көзөмөлгө алууга болобу?
— Импорт менен көп товарларды сырттан алып келебиз. Биздеги сооданын структурасын карап көргөндө 80 пайыздан ашыгы импорт. Калганы экспортту түзөт. Башкалар өздөрү өндүргөн товарга кызыкчылыгын кошуп анан сатат. Ал мамлекеттерге андай кылбагыла деп айта албайбыз. Өндүрүшү өнүккөн мамлекеттер гана ички бааны жөнгө сала алат.
— Айыл чарба азыктарын өндүрүүнү көбөйткөндө деле баага таасир этпейт го. Анткени күйүүчү майды, жер семирткичти сырттан алып келип жатабыз...
— Ооба, баага түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Айыл чарбасынабы, өнөр жайгабы, негизи эле көп көңүл бурулбай келди. Акыркы эки жылда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Каатчылыкка каршы бюджеттен 126 миллиард сом каралды. Кайсы тармакка керектигин эске алуу менен анализ жасалууда. Экинчиден, айыл чарба тармагына жыл сайын бюджеттен 30 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнүп, фермерлерге шарт түзүү далалаты болгон. Күйүүчү май, үрөн, жер семирткич алып келүүгө жана жеңилдик менен насыя бергенге аракет жасалган. Биз тоолуу мамлекетпиз. Бир миллиондон ашык гектар айдоо жерибиз бар экен. Аны да жакшы иштете албай жатабыз. Жер кыртышын жакшыртууга Айыл чарба министрлиги жер семирткичтерди берип, чарбаларды ирилештирүү процесси, күнөсканаларды салуу, кайсы жерде эмнени өстүрүү керектиги жана ар кандай инновациялык азыктарды чыгаруу боюнча сунуш бериши керек эле. Азык-түлүк каатчылыгы болбосун десек тогуз азыкты өстүрүшүбүз зарыл. Биз болгону үчөөнү гана колго алдык. Анын ичинен өзүбүздү өзүбүз эт менен 78 пайыз, жумуртка менен 44 пайыз, мөмө-жемиш менен 20 пайыз гана камсыздайбыз. Буудай айдап, ун чыгара тургандай мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок анын баары жалпы керектөөнүн 60 пайызын гана жабат. Ушуга чейин толук 100 пайыз камсыз кыла албадык. Кластер колдонуунун да жолун билбей жатабыз. Ар бир азыктын кластерине бир миллиард сомдон бөлүнгөн, анын да эсеп-кысабы жок. Потенциалы күчтүү ишканаларга бир кластер үчүн 200-300 миллион сом жетет. Суроо көп, бирок так жооп жок. Ишканалар кандай ыраатта иш алып барарын өздөрү билбейт. Мында инновациялык продукцияларды колдонуп, анын негизинде дүйнөлүк рынокко чыгуу керек. Туризмди, электр энергия багытын өнүктүрүүнү колго алуу демилгеси да туура көтөрүлдү. Бизде саатына жалпы 140 киловатт электр энергиясын чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал мүмкүнчүлүктүн 12 пайызын гана колдонуп жатабыз. Жылына 365 күн толук тийип турган өлкөбүз. Күн нурунан чыга турган ГЭСтерди курушубуз керек. Күн нуру же шамалдын потенциалы баш-аягы 4 миллиард киловаттка чейин жетет. Малдын биогазынан да электр кубаттуулугун чыгарууга болот. Мындан тышкары, кен байлыктарыбызды карап көрүү керек. Жетим-Тоону азыр колдонбосок, анан качан? Учурда технология өнүгүп, темирден да күчтүү материалдарды чыгарып жатышат. Кийин темирдин кереги жок болуп калсачы. Жетим-Тоону иштетип баштасак машина чыгаруучу жана башка керектүү жабдыктар кошо келип калат. Муну менен катар айыл чарбасына дыкат көңүл буруу зарыл. Ушундай жол менен бара берсек, 10-20 жылдын ичинде жакшы жыйынтыкка жетебиз.
Өсүмдүктөрдүн эпидемиясына көңүл бурулбай жатат. Айдап-себүүдөгү сабатсыздык
— Инфляция азыр 12-13 пайызга чейин ылдамдап жатыптыр. Негизи канча пайыз болушу керек?
— Дүйнөлүк процесстен алганда 6 пайызга чейинки инфляция нормалдуу эле көрүнүш. Алты пайыздан он пайызга чейин кичине мүчүлүштүктөр бар экенин билдирет. Ал эми 10 пайыздан 100 пайызга чейин экономикада стабилдүүлүк жок экенинен кабар берет. Эгер 100 пайыздан ашса экономикалык начар көрсөткүчтүн тездик менен өсүшүн кабарлайт. Биздики азыр 12-13 пайыз болуп жатканы менен оңдоп кетүүгө дагы мүмкүнчүлүк бар. 20 пайызга чыгып кетсе абдан кыйын болуп калат. Бул адамдардын топтогон акчасын же байлыгын 20 пайызга жеп же табышынын 20 пайызы жокко чыкты дегенди билдирет. Инфляция бюджеттик мекемелерде иштеген, социалдык колдоого муктаж адамдарга, пенсионерлерге да таасирин тийгизе турган жаман көрүнүш. Былтыр деле инфляция 14,7 пайызды түздү. Бирок өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин маянасын, пенсияны жогорулатып койду. Ошентсе да баалар көтөрүлүп кеткендиктен адамдар азык-түлүк сатып алууда чектелип калат.
— Ошол эле Евразия өнүктүрүү банкы жылдын аягына чейин инфляция 7 пайызды түзөрүн айтыптыр. Бул эмненин эсебинен?
— Жазында көп жер-жемиш быша элек, күйүүчү май кымбат кез болот. Ал эми күзүндө бышыкчылык маалында түшүм жыйнайбыз. Мунун баары базар баасына, инфляцияга таасирин берет. Экинчиден, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүп, экспортко чыгарсак, анын акчасына керектүү сырттан келүүчү импорт менен өзүбүздү камсыздап алсак. Ушундай жол менен инфляциянын көрсөткүчтөрүн түшүрүп коюуга болот. Бул эми божомол. Аба ырайы, түшүм жакшы болуп калса инфляция басаңдашы мүмкүн. Көбүнчө күйүүчү май баага таасирин тийгизет. ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттерге салыштырмалуу арзаныраак алып жатабыз. Ошентсе да Россияда кымбаттаса бизге да кымбат сатылып калууда. Негизги 9 продукцияны өзүбүздөн чыгарып, экспорттук потенциалыбызды күчөтүшүбүз керек. Ошону менен валютаны жөнгө салып, инфляцияны жогорулатпай кармап турууга мүмкүнчүлүктөр болуп калат.
— Инфляцияга жараша маянаны да көтөрүү менен калкка каатчылык анчалык сезилбей калганын айттыңыз. Ушул жол менен кете берүүгө болобу? Же бул кооптуубу?
— Калк инфляцияны сезбей калды дегенден алысмын. Бирок бир аз жеңилдик болду. Айыл чарба, өндүрүш азыктарын өзүбүздөн чыгарып, ишканаларды иштетпесек инфляция өсө берет. Дүйнөлүк экономиканы алганда деле Россия ички өндүрүш процесстерин жолго салып алган. Батыш канчалык санкция салса да туруштук берип жатат. Анткени булар экспорттук потенциалын күчөтүп, ички өндүрүшү иштеп жатат. Беларусь деле ошондой. Ал эми импорттон көз каранды мамлекеттер кыйынчылык тартып жатат. Мунун ичинде биз да барбыз. Бизнестен салык чогултуу жагын эле карабастан, жергиликтүү жана чет элдик бизнесмендерге жакшы шарттарды түзүп берүү керек.
Сары-Жаз ГЭСи курулса энергетикалык каатчылыктан чыгууга жол ачат. Маек