Сак болгула! Июль айында үч ирет магниттик бороон болот

Адистердин айтымында, айдын башы тынч өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Июль айында бир нече жолу магниттик бороон болот. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясына шилтеме берүү менен медициналык "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, айдын башы тынч өтүп, 8-июлда магниттик бороондун алгачкы толкуну башталат.
"Ал 12-июлга чейин басаңдайт дагы, кийин 12синен жана 24үнөн тарта эки ирет эки күнгө созулган бороон болот. Анын күчү G2 деңгээлине (орточо) жетет", — деп айтылат кабарда.
Магниттик бороон адамга эмнеси менен кооптуу?
Дарыгерлер жаратылыштын бул кубулушу болгон учурда көпчүлүк адамдардын башы ооруп алсырай турганын айтышат. Анткени кан коюуланып, басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
Айрым медиктер бул күндөрү өнөкөт оорусу барлар дагы кыйналарын айтып келишет.
Акыркы 38 жылда адамдардын тукум улоо жөндөмү 58%га төмөндөдү