Банктарга Кыргызстандан сыртка доллар чыгарууга уруксат берилди

Америкалык валютага чектөө былтыр март айында киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Улуттук банк 15-сентябрга чейин коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берди. Тиешелүү токтом башкы банктын сайтына жарыяланды.
Банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген болчу. Буга чейин банктардын кассаларында каатчылык жагдай жаралган мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп накталай акча бар экени айтылган.
Коммерциялык банктар долларды сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка отчёт берүүгө тийиш.
Депутат Кыргызстанда сом менен гана соода кылууга милдеттендирүүнү сунуштады