Дене тарбия академиясы спорттук медицинага көңүл буруп, Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясы менен бирге кызматташып, атайын окутуу жүргүзөт. Бул тууралуу Саитдин Азизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай спорттук медицина багыты боюнча СССРде алдыда туруп, мыкты адистерди даярдаган.
"Дене тарбия жана спорт академиясында Спорттук медицина кафедрасы иштеп, спорттук физиология, булчуңдардын активдүүлүгүнүн физиологиясы, жалпы физиология, дене тарбиянын биохимиясы сыяктуу сабактар өтөт. Мурда биздин окуу жайда медицина илимдеринин доктору, профессор Николай Алипов спорттук физиология боюнча сабак берген. Анын методикасын бүткүл союздук өлкөлөрдөгү 26 дене тарбия окуу жайы колдонгон. Демек, биздин бул багыттагы пайдубалыбыз жакшы түптөлгөн. Тилекке каршы, кийин жакшы көңүл бурулбай кетти. Эми кайрадан жанданып жатат. Алсак, Дене тарбия академиясы спорттук медицинага көңүл буруп, Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясы менен бирге кызматташып, атайын окутуу жүргүзө баштады", — деди Азизбаев.
Ошондой эле адис Дене тарбия жана спорт академиясынын инфраструктурасы жакшырып, базасы кеңейтилип жатканын кошумчалады.