Бишкек медициналык колледжи быйыл жалпы 650 абитуриентти кабыл алат. Бул тууралуу Мырзатай Шатманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 650 абитуриенттин 200ү акысыз билим алмакчы.
"Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө ар дайым талап жогору болуп келген жана боло берет. Пандемия учурунда медицина кызматкерлеринин орду чоң экени баарыбызга маалым болду. Быйыл жалпы 650 абитуриентти кабыл алуу алдында турабыз. 200 орун бюджеттик, 450 орун контракттык негизде болот. Окуу маалында студенттер үчүн тажрыйба топтогонго болгон аракетибизди жумшап келебиз. Алар Бишкектеги жана аймактардагы медициналык мекемелерге барып, алган билимин практика жүзүндө көрсөтө алышат. Ошондой эле чет элдик ЖОЖдор менен да тыгыз байланыштабыз. Мыкты окуган студенттер башка өлкөгө барып, билим жана тажрыйба топтоп келсе болот", — деди Шатманалиев.
Ал Бишкек медициналык колледжине окуу үчүн колледждин өзүнүн тестинен өтүү шарт экенин кошумчалады.