Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2023-2024-окуу жылында ЖОЖдорго өтүү үчүн сынакка катышууну каалаган абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент онлайн" электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт:
Биринчи тур — 17-июлда 8:00дө башталып, 19-июлда 14:00дө аяктайт;
Экинчи тур — 24-26-июль күндөрү;
Үчүнчү тур — 31-июлдан 2-августка чейин;
Төртүнчү тур — 7-9-август күндөрү.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы жогорулатылат