Быйыл баалар канчага көтөрүлөт? Улуттук банктын божомолу

Улуттук банктын адистери инфляцияга кандай факторлор таасир этерин айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын аягында (2022-жылдын декабрына салыштырмалуу) инфляция 10-12 пайыз чегинде болору болжолдонууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук банк билдирди.
Анда айрым коммуналдык кызматтардын тарифтеринин көтөрүлүшү, ошондой эле Бишкектин коомдук транспортунун жол кире баасы эске алынган.
"2023-жылы Борбордук Азияда акыркы беш жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору болору күтүлүүдө. Бул азык-түлүккө болгон баанын өсүшүн кармап турууга жардам берет. Инфляциялык кырдаал мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуусунан да көз каранды", — деп айтылат маалыматта.
КР Улуттук банкы тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине дайыма баа берип, экономикалык кырдаалга жараша тиешелүү чараларды көрөт. Эгерде кандайдыр бир тобокелчиликтер жаралса, учурдагы акча-кредит саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.
Кыргызстан Казакстанды айланып өтүп, Россия менен соода жүргүзө алат