Бишкекте Татар тасмаларынын күнү өтөт. Кирүү акысыз

Маданий иш-чарада эл аралык кинофестивалдарда жеңишке жеткен фильмдер көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 9-10-июлда Татар кинолорунун күнү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады.
Ага келгендер Татарстандын заманбап кинематографисттеринин эмгектерин көрүшөт. Татар кинолорунун күндөрүндө эл аралык кинофестивалдарда жеңишке жеткен фильмдер тартууланат. Тасмалар көрсөтүлүп бүткөн соң авторлор менен чыгармачылык жолугушуу кечеси уюштурулмакчы.

Көрсөтүлө турган тасмалардын убактылары:

9-июль:
16:00 — "Сүмбүл" (2019, Өзбекстан менен биргеликте тартылган, режиссёрлору Рашид Маликов жана Рамил Фазлиев);
18:30 — "Тарлан" (2021, Казакстан менен биргеликте тартылган, режиссёру Юлия Захарова).
10-июль
16:00 — "Апипа" (2020, режиссёру Ильшат Рахимов);
18:30 — "823-чакырым" (2023, режиссёрлору Амир Галиаскаров жана Ирек Хафизов).
Кинофильмдерге кирүү жана режиссёрлор менен жолугушуу акысыз.
Радио
Кыргызстандык режиссёрдун "Суу" тасмасы Чеченстанда сыйлык алды