Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: ЦРУ жетекчиси Киевдин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо планынан кабардар

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков азырынча Украина менен сүйлөшүүгө эч кандай негиз жок экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. ЦРУ жетекчиси Уильям Бернс Киевге болгон жашыруун сапары учурунда Украинанын Крымга жакын жерге артиллерия жана ракеталарды жайгаштыруу, ошондой эле Москва менен сүйлөшүүлөрдү баштоо планы тууралуу кабардар болгон. Бул туурасында РИА Новости Washington Post басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Бернс Киевге июнда келип кеткен.
“Киевдеги аскердик стратегдер Бернс жана башкаларга күзгө чейин ири аймактарды кайтарып, Крымдын чек арасына жакын жерде артиллериялык жана ракеталык комплекстерди жайгаштырган соң чыгышты көздөй жылып, андан кийин Москва менен сүйлөшүүлөрдү баштаарына ишенерин айтышты”, — деп жазылган макалада.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков азырынча Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эч кандай негиз жок экенин, анткени Киев жана жамааттык Батыш өлкөлөрү тынчтыкка келүү аракетин четке кагып жатканын билдирген.
Украинанын Түштүк-Донецк, Запорожье, Артемовск багыттары боюнча чабуулу 4-июнда башталган. Киев НАТО даярдаган жана батыштык техника менен куралданган бригадаларды киргизген. Владимир Путин Украинанын Куралдуу күчтөрү эч бир багытта ийгиликке жетише албай, оор жоготууларга учурап жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев НАТОго ультиматум койду. Чоо-жайы