Жапаров MadWay Rally катышуучуларына жолугуп, унаасын тоо аралай айдады. Видео

Быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат.
Бардык унаалар пост-апокалиптикалык "Mad Max: Fury Road" ("Безумный Макс: Дорога ярости") тасмасынын стилинде жасалган.
Мамлекет башчысы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты.
Жапаров Чаткалдагы аэропортту "Манас" аэропортунун балансына кайтарууну тапшырды