Садыр Жапаров "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна старт берди

Өлкө башчы бүгүн курулушка капсула салды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда, Садыр Жапаров имараттын курулушунун башталышына капсула салганын билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди

2 / 3

Мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда, Садыр Жапаров имараттын курулушунун башталышына капсула салганын билдирди

3 / 3

Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган

Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган.
Маалыматта айтылгандай, жаңы аэробекеттин үч кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 чарчы метрди түзөт. Ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт.
Инвесторго тоскоол болгондор менен өзүм эсептешем! Жапаров "Асман" шаарына капсула салды