Намыска келели! Өкмөт элди желим буюмдарга каршы иш жүргүзүүгө чакырды

Президент Ысык-Көлдү коргоо боюнча кабыл алган Бирдиктүү программанын алкагында системалуу иштер жүргүзүлсө, көл 10 жылдын ичинде жакшырары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде "Ысык-Көлдү сактайлы" аталышындагы маалыматтык кампания болуп өткөнүн өкмөттөн билдирди.
Ага ылайык, кампания желимден жасалган буюмдардан баш тартып, кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү көздөйт.
"Иш-чара Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун алдын алуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында уюштурулууда. Ал президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Төрөбаев Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин белгилеген.
"Президент Ысык-Көлдү коргоо боюнча Бирдиктүү программаны кабыл алды, узак убакытка чейин жүргүзүлүүчү системалуу иштер башталды. Эгерде мындай комплекстүү иш-чаралар жакынкы беш-жети жыл аралыгында толук иштей турган болсо, 10 жылдын ичинде көл жакшырат", — деди ал.
Минкаб төрагасынын орун басары жыл сайын адамзат 430 миллион тонна пластмасса чыгарарына токтолуп, БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы "Агымды токтот" чакырыгы менен 2040-жылга чейин желим буюмдарды 80 пайызга кыскартууну көздөгөнүн кошумчалады.
"Ысык-Көл дүйнө эли суктанган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек алгач өзүбүздөн баштайлы. Желимден жасалган буюмдарды сатууда жана колдонууда намыска келүү идеологиясын жүргүзүүгө чакырам", — деп сөзүн жыйынтыктаган Төрөбаев.
Ысык-Көлдү тазалап иштеген суучул эс алуучуларга кайрылды