Акыркы 38 жылда адамдардын тукум улоо жөндөмү 58%га төмөндөдү

Адистин айтымында, буга айыл чарба өсүмдүктөрүндөгү пестициддер себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Биология тармагындагы дүйнөлүк окумуштуулардын маалыматы боюнча, акыркы 38 жылда адамдын тукум улоо жөндөмдүүлүгү 58 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Саламаттык Сактоо министрлиги Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Аида Алимбекованын айтканына таянып жарыялады.
Билдирмеге ылайык, соңку жылдарда адамзаттын тукум улоосу жылына бир пайыздан төмөндөп жатат. Мындай абалга көбүнчө эркектер дуушар болууда.
Алимбекова буга себеп катары негизги үч факторду айтты.
"Мунун биринчи себеби — тамак-аш, жашылча-жемиштерге пестициддерди колдонуу. Экинчиси — үй кожойкелери идиш жууганда, үй тазалаганда түрдүү химиялык жууп-тазалоочу каражаттарды колдонгондугу. Үчүнчү себеби — түрдүү желим идиш, баштыктарды туура эмес пайдалануу, мисалы, адамдар ысытууга болбой турган желим баштыкка тамак-аш салып ысытышы мүмкүн, бул ден соолукка терс таасир берет", — деди дарыгер.
Пестицид негизинен өсүмдүктөрдөгү зыянкечтерди жок кылууга, отоо чөптөрдөн тазалоого, өсүмдүктөрдүн түрдүү ооруларын алдын алууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга колдонулат.
Эркектердин тукум улоо мүмкүнчүлүгү басаңдап баратат. Изилдөө