Советтик Кыргызстанда окулган айт намаздар. Динге мамилени көрсөткөн сүрөттөр

Совет бийлиги диндин таасири менен күрөшкөнү маалым. Бирок ошол эле маалда диний үрп-адаттарга таптакыр тыюу салган эмес.
Sputnik
1938-жылы СССР менен Сауд Арабиясынын мамилеси бузулуп, натыйжада дипломатиялык карым-катнаш толугу менен токтотулат. Советтер Союзунда диний кызматкерлерге репрессия күчөйт. Анткен менен Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ислам жана христиан диний кызматкерлери фронт үчүн моралдык жана материалдык ири көмөк көрсөтүшкөн. Дал ушул себептен улам Сауд Арабиясы менен дипломатиялык карым-катнашы жок экенине карабастан Советтер Союзу 1944-жылдан ислам динин тутунгандарга Меккеге ажыга барууга уруксат берген. Эр-Рияд да советтик мусулмандардын ажылыкка келүүсүнө бөгөт койгон эмес.
Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси 1990-жылы 17-январда гана жанданган. Колумнист Алмаз Батилов КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин жардамы менен советтик Кыргызстанда Орозо менен Курман айт кандайча белгиленгенин чагылдырган сүрөт баяндама жасады. Мында Кыргызстан эгемендүүлүк жылдары да камтылган.
1 / 18

Ыймам Бурханнары Мамадали жума намаз окуп жаткан маалы. Фрунзе, борбордук мечит. 1963-жыл.

2 / 18

Сулайман пайгамбардын күмбөзүнө келген өзбек зыяратчылар. Ош, Кара-Кыргыз автоном облусу. 1926-жыл

3 / 18

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде ислам менен христиан диний кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кызыл армияга моралдык жана материалдык көмөк көрсөткөнү үчүн мамлекеттик медалдар менен сыйланып жаткан учуру. Фрунзе, 1948-жыл.

4 / 18

Айт намаз учуру. Фрунзе, 1956-жыл, 12-май.

5 / 18

Айт намазга чогулгандар. Фрунзе, 1956-жыл, 16-июнь.

6 / 18

Курман айт намазы. Фрунзе, 1959-жыл.

7 / 18

“Арстанбап” күмбөзүнө зыяратка келген аялдар балдары менен. Базар-Коргон району Арстанбап кыштагы. 1966-жыл, 16-октябрь. Сүрөттүн автору Ю.Г. Петраш.

8 / 18

Сулайман-Тоодогу шайык зыяратчылардан акча чогултуп жаткан учуру. Ош. 1966-жыл, 17-октябрь. Сүрөттүн автору Ю.Г. Петраш.

9 / 18

Көрүстөндө окулуп жаткан намаз. Фрунзе. 1959-жыл. Сүрөттүн автору Б. Борисов.

10 / 18

Дунган мечитинин ичи. Пржевальск шаары (азыркы Каракол). 1960-жыл, 13-июнь.

11 / 18

Ыймам Бурханнары Мамадали аксакал менен чай ичип, кеңешип жаткан маалы. Фрунзе, борбордук мечит. 1964-жыл.

12 / 18

Ыймам Бурханнары Мамадали Ыйык Курандын айрым сүрөөлөрүн арабча окуп, аны которуп, түшүндүрүп жаткан учуру. Фрунзе, борбордук мечит, 1963-жыл.

13 / 18

Бешим намазы. Ош облусу, Араван району, Араван айылындагы мечит. 1966-жыл, 16-октябрь.

14 / 18

Багымдат намазы. Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол) мечит, 1975-жыл.

15 / 18

Медресенин окуучу кыздары. Фрунзе, 1991-жыл.

16 / 18

Шах-Фазил күмбөзүнүн кароолчусу. Ала-Бука району, Сафедбулан айылы. 1994-жыл

17 / 18

Айт намаз окулуп жаткан учур. Бишкек, эски аянт, 1999-жыл.

18 / 18

Курман айтка карата намаз. Бишкек, "Ала-Тоо" аянты, 1999-жыл.

Тема боюнча:
Путин: Россияда Куранды сыйлабагандык кылмыш болуп саналат