Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Боррель Украинаны күтүп жаткан маанилүү окуянын четин чыгарды

Ал жаңжалды токтотуу максатында көмүскөдөгү сүйлөшүүлөргө байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Испания төрагалык кыла турган Европа биримдигинин кеңешинде Украинаны абдан маанилүү окуя күтүүдө. Бул боюнча Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Бул согуш талаасында эмне болору менен жана аздыр-көптүр жаңжалды токтотуу максатында көмүскөдөгү сүйлөшүүлөргө байланыштуу", — деген ал.
Боррель Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрдө боло турган окуялардан көз каранды экендигин белгилеген. Анын айтымында, тынчтык демилгелери улам көбөйүп жатат.
Кремль Киев менен диалогго баруудан эч качан баш тартпаганын дайыма билдирип келет. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков учурда буга эч кандай негиз жок экендигин, Украина бийлиги да, жамааттык Батыш да тынчтыкка карай кадамды таптакыр четке кагып жатканын билдирген.
4-июндан тартып Украинанын Куралдуу күчтөрү киевдик режим мурдатан убадалап келе жаткан Түштүк Донецк, Запорожье жана Артемовск багыттары боюнча контрчабуулун баштаган. Украина командачысы согуш талаасына НАТО тарабынан даярдалган жана батыштын техникасы менен куралданган топту салды. Анткен менен алар мындан чоң жоготууларга учурап, андан бери бир да багыт боюнча көздөгөндөрүнө жеткен жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: ЦРУ жетекчиси Киевдин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо планынан кабардар