Радио

Экс-депутат: өлкөдө тил маселеси популизмдин курмандыгы болбош керек

Мурунку эл өкүлү, филолог Ыргал Кадыралиева азыр кыргыз тили сыяктуу эле көпчүлүктүн орус тилин да, керек болсо англис тилин да билүүсүн талап кыла турган мезгил экенин айтты.
Sputnik
Орус тили БУУдагы алты тилдин бири. Эл аралык мамилелерде дүйнөлүк деңгээлде колдонулган тил экенин унутпашыбыз керек. Мындай пикирин Ыргал Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө расмий тил тоскоолдук жаратып жаткан жок.
"Биздин өлкөдө көп улут жашайт. Тил маселесин көтөргөндө ар бир этностун укугун эске алышыбыз шарт. Мамлекеттик тил жөнүндө айта турган болсок, учурда кыргыз тили өнүгүү жолунда бара жатат. Бул багытта бир топ жакшы иштер жасалууда, бирок ошол эле мезгилде мамлекеттик тил тууралуу мыйзам Конституциялык деңгээлге көтөрүлүп, парламентке келип калышын мен колдобос элем. Муну менен бизде жашаган башка улуттардын укугун чектеп коюп жатабыз. Анткени ошол эле Баш мыйзамда биз "ар бир этнос өз тилинде сүйлөөгө, баарлашууга, жазып, окууга, китеп, журнал чыгарууга укуктуу" деп жатабыз. Расмий тил — Кыргызстанда мына ушул түрдүү этностордун башын бириктирген тил. Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө башка нерселерге басым жасашыбыз керек. Аны окутууну, бөлөк улут өкүлдөрүнө үйрөтүүдө кызыктуу методикаларды, шарттарды түзүп сунушташ керек. Башкача айтканда, кызыктырыш керек. Азыр мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билишин талап кылгандай эле орус тилин да, керек болсо англис тилин да талап кыла турган мезгил. Өлкөдө көп тилдүүлүктөн коркпошубуз абзел, тескерисинче, жаш муундун көп тилдүү болушуна шарт түзүү керек. Тил маселеси өлкөдө популизмдин курмандыгы болбошу кажет", — деди Кадыралиева.
Ал КМШ мамлекеттери менен алака курууда да орус тилинин орду чоң экендигин кошумчалады.