Кытайда химиялык заводдо жарылуу болду. Видео

Жеринде өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кытайдын Цзянси провинциясынын Гуйси шаарындагы химиялык заводдо ири жарылуу болгонун РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына таянуу менен билдирди.
Кырсык ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын (Бишкек сааты менен 10:00) Jiangxi Qiantai New Materials заводунда болгон. Азырынча ишканада канча адам болгону белгисиз, каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жарылуунун себеби аныктала элек.
Францияда башаламандык учурунда 1000дей адам кармалды