Көөнө Сөз

"Район", "участок", "кварталдын" кыргызчасы кандай? Манасчынын жообу

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков көөнө сөздөрдүн биринин маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
"Участок", "район", "квартал" деген сөздөрдүн ордуна "маала" деп колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "маала" сөзүн өтмө мааниде пайдаланган учурлар кездешет.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "маала" деген сөз учурайт. Ал беш тамга, эки муундан турат. Мааниси кыштак же шаардын бир бөлүгүн түшүндүрөт. Бүгүнкү колдонуудагы сөздөрдөн буга эң жакыны квартал, чөйрө, айлана, жакын ара болуп калат. Өтмө мааниде жакыным, күйөрүм, каралашарым деген сындуу колдонулат. Учурда "участок", "район" деп орусчасын пайдаланып жүрөбүз. Ошонун ордуна маанисине ылайыктап "маала" дегенге өтсөк туура болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал күнүмдүк турмуштагы пайдаланууга көөнө сөздөрдү кошуу зарылдыгын кошумчалады.