БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Франциянын укук коргоо органдары тополоң башталгандан бери 1000дей адамды кармаганын РИА Новости жазды.
Эске салсак, башаламандык өткөн шейшембиде Франциянын Нанте шаарында жана Париждин башка чет жакаларында полиция 17 жаштагы уланды өлтүрүп алгандан кийин башталган.
ЖМКлар жазгандай, улан жолдогу текшерүү маалында укук коргоочуларга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. Социалдык тармактарда дароо нааразылыктар башталган. Ал эми кечинде топтолгондор өрт коюп, жарнама тактайчалары менен аялдамаларды талкалап, полиция менен кагышкан. Бир катар шаарларга полициянын атайын күчтөрү жайгаштырылып, сооттолгон техника жана тик учактар тартылган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон кечээ Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинен кетүүгө аргасыз болду. Ал дароо ведомстволор аралык кризистик топтун жыйынын чакырган. Макрон бул окуяны "түшүндүрүлгүс жана кечирилгис" деп атаган.
Премьер-министр Элизабет Борн полиция "чектен чыккан" иш кылганын айтты. Өкмөттүн маалымат катчысы Оливье Веран маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, бүт Франция алардын кайгысын тең бөлүшөрүн белгилеген.