Быйыл менингиттин көбөйүп жатканы байкалууда. Аталган илдет 9-10 жылда бир күчөп турат. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маектин толук версиясын аудиодон угуңуз.
Анын айтымында, бул дарттын күч алуучу убагы кыш мезгилине туура келет.
"Жугуштуу илдеттер мезгилдик жана циклдик болуп бөлүнөт. Биринчиси күндүн суук же жылуу болгонуна жараша күч алып же басаңдайт. Мисалы, ичеги-карындын жугуштуу оорулары, ич өткөк сыяктуу илдеттер жайкысын көбөйсө, кышында сасык тумоо, КРВИ жана башкалар тез тарайт. Бул ооруну алып келүүчү микроб, вирустардын жылууда же суукта оңой көбөйө алганынан көз каранды. Ошондой эле мөөнөттүк жугуштуу оорулар болот. Мисалы. менингит 9-10 жылда көбөйүп, кайра азайып турат. Быйыл мына ушул дарттын көрсөткүчү жогорулап жатканы байкалууда. Анын баштапкы симптомдору катары баш оору, дене табынын көтөрүлүшү болуп саналат. Оору ар кандай курч формага өтүп кетпеши үчүн жогоруда айтылган симптомдор кездешкен учурда дароо медиктерге кайрылуу зарыл", — деди Оторбаева.
Ошондой эле ал көпчүлүк жугуштуу илдеттердин алдын алуу үчүн гигиеналык талаптарды кармануу зарылдыгын кошумчалады.