Стамбулда кыргызстандык кыз изделүүдө. Сүрөт

Ал Стамбул аркылуу Болгарияга кетмек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыргызстандык Ж.Ш.Б. аттуу кыздын дайынсыз болуп жатканын маалымдады.
24-июнь күнү консулдуктун шашылыш чалуулар номерине кыргызстандык А.Ж. аттуу аял чалып, кызы менен эки күндөн бери байланыша албай жатканын билдирген. Анын айтымында, кызы Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бармак, ал жерден автобус менен Варна шаарына кетүүнү пландаган.
"Башкы консулдуктун кызматкерлери Сабиха Гокче аэропортунун иммиграциялык кызматына байланышка чыгышты. Анда Ж.Ш.Б. кармалбаганын жана Стамбулдун аймагына киргенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шаардын укук коргоо органдары тарабынан издөө иштери жүрүүдө. Мекемеден Стамбулдун укук коргоо органдары жана дайынсыз болуп жаткан кыздын туугандары менен туруктуу байланышта болуп жатканын кошумчалашты.
Төрт жыл мурда чыгып кеткен: Бишкекте 49 жаштагы кишини издеп жатышат. Сүрөт