Россия ЖОЖдоруна бюджеттик негизде кабыл алуу башталды

Каттоо 15-июлда аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктарды Россиянын жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундарга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
"Россия өкмөтү тарабынан 2023/2024-окуу жылына карата белгиленген квотага ылайык, федералдык бюджеттин эсебинен чет элдиктер кабыл алынат. Болгону медициналык багыттар боюнча гана орундар каралган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Каалоочулар мындан башка багыттар боюнча магистратура, аспирантура жана кошумча кесиптик билим алуу жааттарына тапшыра алат.
Ошондой эле Лобачевский атындагы университеттин Филология жана журналистика институтунда "Орус тили чет тили катары" программасы боюнча бюджеттик негизде квота каралган.
Кошумча маалымат алуу үчүн бул дарекке uchebarf.kg, документтерди тапшыруу үчүн бул сайтка баш бакса болот.
Каттоо 15-июлда аяктайт.
Бишкек менен Ошто Омскинин университеттерине кабыл алуу башталды