Нарын шаарында милициянын аймактык заманбап жаңы жайы ачылды

Милициянын аймактык бул жайында чет элдик туристтерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга басым жасалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын аймактык, заманбап пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Борбордук аянттагы милициянын аймактык бул жайында чет элдик туристтерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттарды түзүүгө басым жасалган.
1 / 2

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын аймактык, заманбап пункту ачылды

2 / 2

Борбордук аянттагы милициянын аймактык бул жайында чет элдик туристтерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттарды түзүүгө басым жасалган.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул жерден жарандардын кайрылууларын кабыл алып, калк арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган иштерди алып барууну көздөп жатат.
Иш-чарага Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Афтандил Молдосалиев, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сапарбек Асаналиев, шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана коноктор катышкан.
Садыр Жапаров Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты. Сүрөт